«Кыргызтелеком» ААК менен Казакстандын ири телекоммуникация компанияларынын бири «TNS-Plus» ЖШС өнөктөштүк мамилелерди түзүү максатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Тараптар Бишкек (Кыргызстан) – Кордай айылы (Казакстан) жана Чалдовар айылы (Кыргызстан) – Мерке айылы (Казакстан) чек ара аймактарында каттам курууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул пункттарда тармактардын чек ара түйүнү уюштурулуп, бул максаттар үчүн эки тараптын адистери кирген жумушчу топ түзүлөт.