«Кыргызтелеком» ААК жана «Global Optical Communication Uzbekistan» ЖЧКсынын биргелешкен ишканасы телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн була -оптикалык кабелди жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.
Камсыз кылуу келишиминен тышкары, тараптар телекоммуникация тармагында узак мөөнөттүү кызматташтыкты жана технологиялык алмашууну көздөгөн меморандумга да кол коюшту.
Жеткирүү келишиминин алкагында жалпы көлөмү 110 000 метрди түзгөн эки түрдөгү була-оптикалык кабель жеткирилет:
- 40 000 метр диэлектрдик конструкциядагы борбордук модулдуу дроп-кабель;
- 70 000 метр модулдук ийрилген, айнек жипчелери менен бекемделген кабель.
Келишимдин жалпы суммасы 31 880 АКШ долларын түздү. Жеткирүү 45 календардык күндүн ичинде Бишкек шаарындагы «Кыргызтелеком» ААКнын кампасына чейин жүргүзүлөт.
Кол коюлган меморандум эки компаниянын ишкердик байланышын чыңдоону, байланыш түйүндөрүн жаңылоодо биргелешкен аракеттерди жана Кыргызстандагы телекоммуникация кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн заманбап чечимдерди киргизүүнү карайт.
