Токтомдун долбоорунда «Кыргызтелеком» ААКты Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу интернет-каналдардын эл аралык транзити үчүн маалыматтарды берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча бирдиктүү улуттук байланыш оператору катары белгилөө сунушталат. Бул мыйзам долбоору телекоммуникация инфраструктурасы мамлекеттик маанилүү стратегиялык ресурстардын бири болуп саналгандыктан, телекоммуникация тармактары улуттук коопсуздукту камсыз кылууда негизги ролду ойной тургандыгына байланыштуу демилгеленген. Мындай жагдайларды эске алуу менен, мамлекет телекоммуникация багытындагы иштин бул түрүнө дайыма көзөмөл жүргүзүүгө тийиш.
Белгилей кетсек, сөз трафиктин транзити жөнүндө гана болуп жатат жана Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган байланыш операторлорунун кызматтарына, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан субъектилер болуп саналган кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы алуучуларына карата колдонулбайт.
Эл аралык транзиттик жана ички интернет инфраструктурасы эки өзүнчө сегмент болуп саналат жана ата мекендик интернет-провайдерлердин ишмердүүлүгүнө тиешеси жок:
- Эл аралык транзит өтүүсүн камсыз кылган мамлекеттер аралык магистралдарды камтыйт
- Ички интернет – бул өлкөнүн ичиндеги инфраструктура, анын ичинде локалдык түйүндөр, провайдерлер жана маалымат тармактары
Эл аралык транзиттик чыгымдар тышкы байланыштарга гана таасирин тийгизгендиктен, ички маалыматтарды берүү жана баа өзгөрүүсүз калат. Ошентип, өлкө ичинде байланыш кызматтарын көрсөтүүчү провайдерлердин ортосундагы атаандаштыктын шарттары да өзгөрбөйт.
Интернет-трафиктин эл аралык транзитин камсыз кылуу – магистралдык тармактар жана мамлекеттер аралык байланыштар аркылуу өлкөлөр ортосунда маалыматтарды берүүнү камсыз кылуучу кызмат. Ал негизги телекоммуникациялык операторлор тарабынан ишке ашырылат жана глобалдык байланышты камсыздоого багытталган.
Ошентип, интернет-трафиктин эл аралык транзитин камсыз кылуу ата мекендик провайдерлердин ишмердүүлүгүнө жана тарифтерине түздөн-түз таасирин тийгизбеген өзүнчө функцияны аткарат.
«Кыргызтелеком» ААКтын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу байланыш каналдары боюнча эл аралык транзиттик трафик үчүн маалыматтарды берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн улуттук байланыш оператору катары аныктоодо төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- улуттук коммуникация инфраструктурасын чыңдоо
- көз карандысыз транзиттик каттамдарды түзүү үчүн коңшу мамлекеттер менен өнөктөштүктү өнүктүрүү
- транзиттик каналдарга көзөмөлдү камсыз кылуу жана рентабелдүүлүктү жана мамлекеттик бюджетке чегерүүлөрдү жогорулатуу
- тышкы жана ички коркунучтар келип чыккан учурда, ошондой эле коопсуздук органдарынын көрсөтмөсү жана макулдугу боюнча транзиттик байланыш каналдарын тез арада жоюуга жана башкарууга
Бул чаралар интернет-трафиктин транзити учурундагы тобокелдиктерди азайтууга жана улуттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга жардам берет, бул бүтүндөй мамлекетке пайдалуу таасирин тийгизет.