«Кыргызтелеком» ААК бардык аймактык филиалдарынын сатуу бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн эки күндүк окуу семинарын өткөрдү. Иш-чарада кесиптештер компаниянын рыноктогу учурдагы абалын талкуулап, сатуунун жыйынтыктарын талдап, андан ары өсүү стратегияларын белгилешти. Алдынкы тажрыйбага жана кардарлар менен иштөө ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Семинар келечектеги кадамдарды жана максаттарды пландаштыруу, ошондой эле командалык маанайды жана кызматкерлердин мотивациясын бекемдөө менен жыйынтыкталды.
«Кыргызтелеком» ААК кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, ошондой эле кардарларыбызды тейлөө деңгээлин жогорулатууга чоң көңүл бурат.