Кыргыз Республикасы 28-29 октябрда радиосүйүүчүлөр арасында өткөн эл аралык CQ World Wide DX Contes чемпионатына катышты. Мелдешүүнүн уюштуруучусу CQ Amateur Radio (АКШ). Чемпионат жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн, анын ичинде айрым аралдардан 35 миңден ашуун радио сүйүүчүлөр катышат. Кыргыз Республикасынын атынан биринчи жолу «Кыргызтелеком» ААКтын командасы чыкты. Мелдешүүнүн алкагында 200 мамлекеттин өкүлдөрү өз аймагында жайгашып, мүмкүн болушунча көп башка катышуучулар менен байланышуусу керек. Байланышууда болгону алты диапазон колдонулат: 1.8, 3.5, 7, 14, 21 жана 28 МГц. Эгерде эфирде ар бир зонанын жана аймактын чакыруу белгилери жана контролдук номерлери аталып, белгиленсе, байланыш түзүлдү деп эсептелет.
Алдын ала маалымат боюнча «Кыргызтелеком» ААКтын командасы 2596 байланыш түзүп, Азиядагы мыкты беш командаларынын катарына кирди. Расмий жыйынтыктар жакын арада белгилүү болот.