Бүгүн, 29-июнда “Кыргызтелеком” ААКтын Жалал-Абад облустук филиалынын жалпы жамааты ишембиликке чыгышты. Кызматкерлер аймакты жигердүү тазалап, жашылдандыруу иштерин жүргүзүп, шаарды таза жана ыңгайлуу кылышты. Компаниянын жетекчилиги бардык катышуучуларга экологияны жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.