Төмөндө көрсөтүлгөн убакытта Коммутациялык системалар борборунун кызматкерлери сервердик бөлмөнү реконструкциялоого байланыштуу MVTS Pro жабдыктарын жана CDR файл серверин жаңы жерге көчүрүү боюнча иштерди жүргүзө тургандыгын билдиребиз. Жумуштун жүрүшүндө MVTS Pro жабдыгы аркылуу кирүүчү жана чыгуучу чалуулар, «Кыргызтелеком» ААКтын техникалык колдоо кызматына чалуулар, «103» тез жардам кызматына чалуулар (иш учурунда «103» номерине байланыш резервдик көчүрүлөт) көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 60 мүнөткө чейин убактылуу иштебейт.
Иштердин башталган жана аяктаган күнү/убагы: 24.04.2025. 02:00 – 06:00