Биз жөнүндө

«Балаты» №21 бала бакчасы — Ош шаарынын алдыңкы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин бири. Биз салттуу баалуулуктарды сактап, заманбап билим берүү ыкмалары менен айкалыштырабыз.

Биздин мекеме 1989-жылы ААК «Кыргызтелеком» караштуу №21 «Ёлочка» бала бакчасы катары негизделген.
2012-жылы №21 «Балаты» бала бакчасы болуп өзгөртүлүп,
2015-жылдан тартып расмий аталышы:
«Балаты» №21 бала бакчасынын мекемеси
Лицензия №LA150000178, каттоо №15/0093
2017-жылдан бери жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюму катары иш алып барат.

Биздин артыкчылыктар:
  • Ош шаарындагы эң мыкты беш бала бакчанын катарындабыз
  • 3 педагог «КРнын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган
  • Ар бир топ үчүн өзүнчө:
    • оюн залы
    • уктоочу бөлмө
    • санузел
    • кийим чечүүчү бөлмө бар
  • Өзүнчө музыкалык жана спорттук залдар
  • Кеңири медициналык бөлүм, логопед жана методист кабинеттери
  • Лицензияланган программа – балдарды карап багуудан сырткары толук кандуу мектепке чейинки билим берүү
  • Өзүнүн ашканасында даярдалган даамдуу, сапаттуу жана тең салмактуу тамак-аш, жарым фабрикатсыз
  • Англис тилин эрте үйрөтүү, сабаттуулук жана математика боюнча автордук колдонмолор
  • Адистердин жамааты: логопед, методист, музыкалык жетекчи, хореограф, англис тилчи мугалим жана медициналык кызматкерлер
  • Ар бир балага көңүл бурулган, кам көрүлгөн, жаратуучулукка бай жана балдарды сүйгөн жамаат
Биздин миссия

Биз балдар өздөрүн үйүндө жүргөндөй сезе турган жылуулук жана ишеним чөйрөсүн түзөбүз.
«Балаты» бала бакчасы — бул балдар ойной турган, достошконду үйрөнгөн, дүйнөнү тааныган, өз талантын өнүктүргөн жана мектепке даярданган жай.

Ураан:

«Сүйүү менен тосуп алып, сыймык менен узатабыз!»

Дарек: Ош шаары, Курманжан-Датка көчөсү, 262А

Байланыш: +996 772 530 619 | +996 552 530 619

Директор: КРнын билим берүүсүнүн отличниги – Тургунбаева Нурзат Эргешалиевна