- Негизги
- Операторлор үчүн
Операторлор үчүн
Байланыш оператору — Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин лицензиясынын негизинде байланыш кызматын ишке ашырган юридикалык жак же жеке ишкер.“Кыргызтелеком” ААКнын жалпы пайдалануучу телефон тармагына кошулуу үчүн, ведомстволук байланыш тармагынын статусун кайра каттаттуу үчүн, электр байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензия алган учурда жана оператордук макулдашууну жол-жоболоштурууда, байланыш тармагы операторлорунун өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга байланышкан башка маселелер боюнча “Кыргызтелеком” ААКнын байланыш операторлору менен иштөө бөлүмүнө кайрылуу керек.
Байланыш операторлоруна көрсөтүлчү кызматтар:
• Башка оператордун тармагына кошулуу кызматы
Бул кызмат, көрсөтүлгөндөн кийин, “Кыргызтелеком” ААКнын байланыш тармагы менен кошула турган байланыш тармагынын ортосунда байланыш түзүү, бири-бирине кошулган тармактын колдонуучулары ортосунда маалымат берүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Кызмат көрсөтүү алкагында “Кыргызтелеком” ААКнын адистери кошула турган тармакты бириктирүү жана кошулган тармактын трафигин маршруттоо үчүн кошуу жабдыктарын программалоону ишке ашырат.
• Тармак аралык өз ара аракеттенүү кызматы
Бул кызмат “Кыргызтелеком” ААКнын кошулуу тармагынын жана оператордун ортосунда абоненттерге электр байланыш кызматынын бирдиктүү технологиялык жараянын камсыз кылуу максатында өз ара аракетенүүсүн уюштурат.
• “Кыргызтелеком” ААКнын тармактык ресурстарын брондоо кызматы
Кошула турган тармакты долбоорлоо жана курулуш иштери бүткөнчө акы төлөө негизинде байланыш операторуна тармактык ресурстарды бекитүү жана кошулууну камсыз кыла турган иш-чараларды өткөрөт.
• Шаар аралык, Эл аралык жана жергиликтүү трафикти өткөрүү кызматы
Жогоруда келтирилген байланыш операторлорунун кызматтары менен катар, “Кыргызтелеком” ААКсы көрсөтө турган кызматтардын тизмесине ылайык, пайдалануучулардын башка категорияларына да кызмат көрсөтөт.
• Кошулган тармактардын абоненттерине тез чакырылчу, социалдык жана сурап-билүү маалымат кызматтарына кирүү мүмкүнчүлүгү кызматы.
• Транспорттук тармакта маалымат каналдарын берүү.
• “Кыргызтелеком” ААКсынын өндүрүштүк аянтчаларында темир конструкциялардын жана кабат аралык коммуникациялык өтмөлөрдө ички станциялык кабелдерди жайгаштыруунун жардамы менен, кошулбаган транзиттик байланыш каналдарын берүү кызматы.
• Түз чубалгыларды (прямые провода) берүү.
• Ижарага чубалгы байланыш жабдыктарын (кабель, телефон канализациялары) берүү
• Өндүрүштүк аянтчаларды ижарага берүү. кененирээк
Эскертүү: тармак аралык кошулуу — бул , бир кызмат көрсөтүүчүнүн абоненттеринин экинчи кызмат көрсөтүүчүнүн абоненттери менен байланыш мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн же башка кызмат көрсөтүүчүнүн кызматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн физикалык жана логикалык кошулуу. Тармак аралык кошулуу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн укугу жана милдеттери, тармак аралык кошулуу кызматтарынын тизмеси менен катар, Мыйзамдын 53 беренесине ылайык, Мамлекеттик жөнгө салуу Органы чыгара турган, ченем-укуктук актыларга жараша орнотулат. кененирээк
Эскертүү: көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери “Кыргызтелеком” ААКнын Прейскурантына жараша коюлат.