google_logo.gif
Google издөө - бул Интернетте каалаган маалыматты көз ачып жумганча табуу мүмкүнчүлүгү: аба ырайынан, жаңылыктар, валюта курсу жана видеороликтердин баасы, сүрөттөр жана Сизге эң жакын дүкөндөрдүн даректерине чейин табуу. Бүгүн Google ондогон ар кандай кызматтарды жана дүйнөнүн жүздөн ашык тилинде тиркемелерди сунуштайт.

2010_tscn_zte_logo.jpg
ZTE Corporation телекоммуникация жабдыктарын жана тармактык чечимдерди жабдуучу дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчү болуп эсептелет. ZTE Corporation кардарларга өткөргүчтүү байланыш жабдыктарын, өткөргүчсүз байланыш жабдыктарын, тирөөч тармактарын, кызматтык платформаларды жана терминалдар менен бирге телекоммуникация жабдыктарынын кеңири спектрин камсыздайт.  

logo.gif
Huawei Technologies – жаңы муундагы телекоммуникация жабдыктарын камсыздоочу бирден бир дүйнөлүк лидерлердин бири, азыркы кезде дүйнө жүзү боюнча бир миллиард колдонуучулары бар 50 өлкөнүн ичинен 45ин тейлейт. 


logo.jpg
Байланыш операторлорунун Ассоциациясы – Кыргыз Республикасынын байланыш операторлорунун өкүлү жана алардын кызыкчылыгын коргойт, мыйзамдуулукту сактоо, кесипкөйлүк жана аракеттүлүк принциптеринин негизинде чыныгы проблемаларын чечүүгө, байланыш операторлор Ассоциациясынын катышуучуларынын ишкердигин өнүктүрүүгө умтулат. Маалымат-коммуникациялык технологиялар жаатында рыноктук мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле Ассоциация мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүү, инфокоммуникациялык технологиялар жаатындагы укуктук маселелер боюнча консультативдик жардам көрсөтүү, улуттук техникалык, уюштуруу, байланыш тармагындагы башкаруу саясатын түзүүгө умтулат.

demir.jpg
ДБ киреше жагынан Кыргызстандын коммерциялык банктарынын эң мыкты бешөөнө кирген, банк кызматтарынын рыногунда бир кыйла ийгиликке жетишкен каржылык мекеме. Банктын кызматынан «Кыргызтелеком» ААКнын кызматкерлери да пайдаланышат. Банк компаниянын «Сурап-билүү жана кызыктыруучу кызматтары» үчүн контент сунуш кылат.