Аккаунт (account) - клиент тарабынан провайдердин ресурстарына кошулууга мүмкүнчүлүк бере турган, реквизиттердин топтому. Ал эми провайдер тарабынан – бул кошулууну идентификациялоо.


IP–дарек (IP-adress)4 бөлүктөн турган номур, мисалы - 212.42.92.55. Ар бир Интернетке кошулган компьютер, уникалдуу номурга ээ – IP-дарек, ал туруктуу же байланыш сеансы бүткөнчө автоматтык түрдө берилген убактылуу болот.

 

Маалымат базасы:

1.Маалымат камтыган белгилүү түзүмдөгү файл 

2. Сактоо, башкаруу, издөө, анализдөө ж.б.д.у.с. аракеттерди жасоо үчүн программалык комплекс


Биллинг (billing) - абоненттик базадагы ар кайсы тарфитик планды колдонуу менен кардарлардын учеттук жазуусун тарификациялоо жараяны, жүгүртүү ведомостторун, счеттордун реестрлерин, дүмүрчөктөрдү жана счетторду генерациялоо. Биллиндик тутум – бул эреже боюнча телекоммуникация өзгөчөлүгүнө багытталган, кардарларды тейлөө функциясын, кампа учету, коммутаторлорду башкаруу, каржат көзөмөлдөө, автобилдирүүнү камтыган күчтүү бухгалтердик программа.


Бит секундасына (bits per second, bps) – бир секундда бериле турган кош символдордун (биты) саны. 


Бод (baud) түзүлүштөр ортосундагы маалымат берүү ылдамдыгынын бирдиги. Телеграфты ойлоп табуучу Ж.Бодонун урматына аталган. Сигналдын секунддагы окуяларынын саны же өзгөрүүсү катары аныкталат. Бир окуя 1 боддон ашык кодировать эткенине жараша, дайыма эле  Бод менен өлчөнгөн ылдамдык Бит/секундда өлчөнүүчү ылдамдыкка шайкеш келе бербейт. 


Броузер (browser) (англ. browse барактоо) – Интернет тармагында жылып жүрүү жана WWW (Mosaic, Opera, Netscape Navigator, Internet Explorer ж.б.) маалымат чөйрөсүндө чоң тексттерди окууга арналган программа.

 

Виртуалдык жеке тармак (virtual private networks, VPNs) – жеке тармактын мекемесинин филиалдарынын ортосунда атайын чубалгы уюштурбастан эле жеке тармактын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө жетишүү. Мындай учурларда ар бир филиал же дүкөн провайдердин тармагына кошулат. Виртуалдык канал (virtual circuit) – маалымат алмашуучу эки тармактык түзүлүштүн ортосундагы атайын же кошулуучу физикалык байланыш каналынын логикалык эквиваленти. 

Виртуалдык канал (virtual circuit) – маалымат алмашуучу эки тармактык түзүлүштүн ортосундагы атайын же кошулуучу физикалык байланыш каналынын логикалык эквиваленти. Реалдуу каналдан айырмасы, мындайча айтканда андай канал жок, аны «прозвонка» кылууга мүмкүн эмес. Виртуалдык канал жиберүүчүдөн алуучуга чейинки марштрутту түзгөн, байланыштыруучу тармактык түзүлүштөрдөгү (маршрутизаторлордо, коммутаторлордо) порттордун даректеринин топтому менен түшүндүрүлөт. 


”Бүткүл дүйнөлүк желе”(World Wide Web, WWW) – барак түрүндө уюштрулган жана мультимедиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдоочу Интернеттин бөлүгү. Ар кандай ресурстарга которуу тексттеги шилтемени чычканды жөнөкөй эле басуу менен жүргүзүлөт. 1989-жылы Интернеттеги маалыматка кирүү мүмкүнчүлүгүн жөнөкөйлөтүү максатында уюштурлуган. World Wide Web ресурстарын көрүү жана барактоо үчүн атайын программа кажет – браузер.

Бөлүнгөн чубалгы (dedicated line) – тармактын абоненттерин байланыштыра турган эки же андан көп точкаларынын ортосундагы кошуучу канал. Бөлүнгөн чубалгылар фиксированный ижара баасына эксклюзивдик чеги жок колдонууга ар дайым жеткиликтүү. 


Гигабит (gigabit) - секундуна миллиард битОптика-жипче кабелдер сигналдарды гигабит менен өлчөнө турган ылдамдыкта беришет (Гбит/с)


Башкы барак, үй барак, өздүк барак (Home Page) – веб-сайттын башталыш барагы. Адат боюнча, шилтемелер веб-сайттын башкы барагына багытталат, ошондуктан башка барактарга караганда бир топ көптүк кылат. 

 

Глобалдуу тармак (wide area network, WAN) – бири-биринен географиялык жактан алыс абалда жайгашкан: ар кайсы шаарлардагы, аймактардагы жана өлкөлөрдөгү компьтерлерди бириктирет.  


Үй баракчасы (home page) - World Wide Web-деги корпоративдик  Web-сайтка кирген колдонуучу биринчи баракты же өзү пайда болгон баракты аташат. Ачык айтканда, ал титулдук баракка же китептин мазмунуна шайкеш десе болот


Домендик ысым (domain name)  - электрондук даректе @ символунан кийин турчу символдордун туш келди топтому, домендик ысым дегенди билдирет. Ал чекиттер менен бөлүнгөн бир нече талаачаларды, уюмдардын аталышын жана анын тибин (com коммерциялык жана edu билим берүүчү) камтыйт. (.com, .edu жана башкалар – булар жогорку деңгээлдеги домендер болуп эсептелип, мамлекетти көрсөтүшү мүмкүн (.bo Боливия үчүн же .ru Россия үчүн). TCP/IP протоколунун даректөө тутумунда домендик ысым маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

 

Ысымдардын домендик тутуму (DNS — Domain Name Service) – сан ирээтиндеги IP-даректердин (129.219.55.217.) ордуна компьютерлердин символдук ысымдарын (www.gm.com) колдонуу мүмкүндүгүн бере турган (DNS-серверде жайгашкан) маалымат базасы. 


Интернет (Internet) – Интернет (ар дайым башкы тамга менен жазылат) бири-бири менен TCP/IP жалпы протоколу менен байланышкан абдан көп глобалдуу тармактан турат. Интранет (Intranet). Интернет технологиясына негизделген жана окшош стандарттарды, протоколдорду жана өнүмдөрдү колдонуучу корпорациянын тармагынын масштабы. Интернеттен айырмасы – күчөтүлгөн криптокоопсуздук жана маалыматка кирүүдө авторлоштуруу. Интернетти уюштуруу – кызматкерлерди ички маалымат менен камсыз кылуунун бирден-бир негизги ыкмасы. Мисал катары браузер аркылуу кире турган корпоративдик телефон маалыматтамасын келтирсе болот. 


Интернет-телефония  (Internet telephony) – үн маалыматын Интернет аркылуу компьютер-компьютер же компьютер-телефон схемасы боюнча берүү. Эл аралык чалуулар үчүн төлөм жүргүзбөстөн эле сүйлөшүүгө мүмүкүнчүлүк берет. 


Тейлөө сапатын (quality of service, QoS) – бир нече параметрлер мүнөздөйт - өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жеткиликтүүлүгү, трафиктин приоритети, тармактагы кечигүүлөр. Иш жүзүндө кызматтын баасы менен көңүлгө толорлук жыйынтыкка жетүүнүн айырмасы, мисалы, сүйлөшүп жаткан учурдагы токтоп калуулардын жоктугу. 


Кошулуп кирүү (dial-up) – Диал-ап. Алыстагы компьютер менен кошулуп кирүү асинхрондук байланышы. Алыстагы компьютер менен кошулуп кирүү асинхрондук байланышы. Номурду модемден терүү жана абонент менен байланышуу.


Контент (сontent) – сайттагы маалымат. 

 

Лог, журнал (Log file) – тутумдун иштеши туурасындагы маалыматты камтыган текстүү дата-файл (маалымат базасынын файлы). Мисалы, веб-сервердин логдорунда тигил же бул колдонуучу кайдан келди, сайтта канча убакыт өткөрдү, кайсы сайттарга кирди, эмне жаздырып алды, браузери кандай жана компьютердин IP-дареги кандай туурасындагы маалыматтар жазылат. Ар бир жазуу алдынча хитке ээ, анткени сервер сайттын кээ бир элементтерине суроону жазып калышы мүмкүн.  

 

Логин. Колдонуучунун аты (login) – укомпьютердик тармактагы колдонуучунун аты. Пароль менен бирге колдонуучуну идентификациялоо үчүн кызмат кылат. Ошондой эле: компьютердик тутум менен кошулуу жараяны.

 

Локалдык тармак (Local area network, LAN) – адатта бир  имаратта жайгашат жана башка мекемеге тиешелүү. Локалдык тутум компьютерлерди, принтерлерди, сканерлерди, белги берүү тутумдарын (кайтаруу, өрт өчүрүү) бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары, мындай тармакта диск мейкиндигине, файлдарга, корпоративдик маалымат базасына биргелешип кирүү мүмкүнчүлүгү бар.


Секундасына мегабит, Мбит/с (million bits per second, Mbps)- секундуна миллион бит, берүүнүн ылдамдыгы. Бул бирдик ылдамдыкты өлчөө үчүн же санариптик чубалгынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн өлчөө үчүн колдонулат.


 

Экрандалбаган эшилген жуп (пара) (unshielded twisted pair, UTP) – көпчүлүк телефон аппарататтары жана бөлмө ичиндеги компьютерлерлер кошулган, жез кабель. Өзөгүндөгү өткөргүчтөрдү жуптап толгоо, алардын бири-бирине, ошондой эле ар кандай көмүскө электр жабдыктардын электромагниттик талаасын бир топ азайтат. 

 

Оптика-жипче кабель (fiber-optic cable) – (демейдеги жез кабелдерден айырмасы) айнектин негизинде маалымат берүү чөйрөсүнүн түрү. Анын негизги артыкчылыгынын бири кандай гана болбосун электромагниттик таасирден коргой ала турган электр белгилеринин жоктугу болуп эсептелет. Толгонгон жез жуп кабель аркылуу жете турган ылдамдыкка салыштырмалуу бир топ жогору ылдамдыкта маалымат берүү үчүн колдонулат.

 

Пароль (password) - өздүк код – компьютердин же тармактын ресурстарына кирүү үчүн жана колдонуучуну идентификациялаш үчүн колдоно турган логинге айкалышкан символдордун ырааты.  


Өткөрүү тилкеси же өткөрүү тилкесинин кеңдиги (bandwidth) – берүүчү каналдын маалымат сыйымдуулугунун чени. Аналогдук телефон каналынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү герц менен өлчөнөт жана каналда мүмкүн боло турган максималдуу жана минималдуу жыштыктардын айырмасын түзөт. Маалымат берүүдө санариптик каналдын жазылыгы бит/секунда менен өлчөнөт.


ПОП (POP — Post Office Protocol, Point of Presence) – почта кеңсесинин протоколу. 

          1. Почта протоколу, колдонуучуга почта серверинде жайгашкан электрондук почта менен иштөөгө жардам берет.

          2.Point of Presence – катышуу точкасы.

 

Бейне жана үн агымы (streaming video and audio) – маалымат берилип бүткөнчө көрсөтүү башталаарын түшүндүрөт. 

Берүүнүн убактысын кыскартуу үчүн, эреже катары, агындык медиа калыбы жогорку эффективдүү компрессиянын (кысуунун) алгоритмин колдойт. Бул жараян Интернетте кеңири колдонулат. 

 

Интернет кызматынын Провайдери (Internet service provider, ISP) – кошуучу чубалгылардын жардамы аркылуу колдонуучуларды глобалдык тармак менен бириктирет. Интернет кызматынын Провайдерлери кардарларды АТС менен кошуу үчүн  өздөрүнүн модемдик пулдары бар. Ошондой ле алар өздөрүнүн телефон чубалгыларын ижарага беришет, үн почтасы, хостинг жана кардарлар үчүн домендик ысымдарды беришет. Кээ бир ири провайдерлер, мисалы UUNET, өздөрүнүн Интернеттин менчик магистралдар тармагы бар.

 

Файлдарды жиберүү протоколдору (file transfer protocol, FTP) - TCP/IP протоколдорунун стек бөлүгү. Колдонуучуга файлдарды алыскы компьютерден файлдарды жүктөөгө мүмкүндүк берет.


Протокол IP (Internet protocol) - дарек үчүн жооп берчү TCP/IP тармактык деңгээлдеги протоколдук стектин (семейство) бөлүгү. Алдын-ала кошпостон эле пакеттерди коммутациялоо жараянына багытталган. 

Тармак аралык даректөөнү жүргүзөт, б.а. маршрутизаторду маалымат пакетин бир түйүндөн экинчи түйүнгө жеткирүү үчүн керек болгон маалымат менен камсыздайт. Ар бир түзүлүшкө Интернет тармагында 32-разряддуу IP-дарек ыйгарылат. Азыркы кезде Интернеттеги даректер мейкиндиги түгөнүп бара жатат, ушуга байланышуу официалдуу уюмдар аны кеңейтүү маселесин карап жатышат. 


Прокси-сервер (proxy-server) –компьютер-кардарлардын тиркемелеринин суроосун өз атынан жиберчү сервер-ортомчу.


Пул, модемный пул (pool) – кирүү сервери. Абоненттердин модемдеринен “коңгуроо” алып жана маалымат берүүнү жүргүзүүчү модемдердин тайпасы.

 

Сайт (Site) - (англ. – орду, жүргөн жери, жайгашкан жери, позициясы). 

          1. Интернет тармагынын түйүнү, анык IP-дареги менен компьютер.

          2. Интернет сайты – веб-сайт_ бул серверде жайгашкан   


Спам (spam) – электрондук почтага (же башка жол менен) жарнамалык кулактандырууларды алуучунун макулдугусуз массалык түрдө жиберүүАталышы пародиядан – калемпири аша чапкан тажаткан жарнамалардан алынган. 


Сервер (server)локалдык тармактагы корпоративдик файлдар, маалымат базасы, электрондук почта, принтерлер, факстар, модемдер сыяктуу ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгү бөлүнгөн атайын орнотулган компьютер.


Сеть (network) бири-бири менен маалымат алмашуу мүкүнчүлүгү бар түзүлүштөрдүн топтому. 

Мисал катары, жеке же корпоративдик колдонуучулардын телефондору жана модемдери кошула ала турган, жалпы пайдалануучу телефон тармагы болуп эсептелет.


Frame Relay (Frame Relay network) тармагы – адатта бир нече локалдык тармакты бириктирүү үчүн колдонулчу бардыгы кире ала турган тармак. Маалымат берүү, ар бир локалдык тармак Frame Relay тармагы менен кошулган, телефон чубалгылары аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде төрт аймактык бири-биринен алыс жайгашкан точкалар болсо, байланыш кызматтарына традициялык кирүүсүнө караганда,  Frame Relay кызматтары, эксплуатациялоо, жабдык жана тейлөөгө аз каражат талап кылат.


Трафик (traffic) англисчеден (кыймыл) – бериле турган маалыматтын көлөмү. 

Кирген тармактык трафик Интернеттен Сиздин компьютерге же веб-серверге келген трафик эсептелет. Чыккан трафик, Сиздин компьютерден/сероверден Интернетке кеткен трафик. 

Сырткы трафик – КРдин тармактарынан келген трафик (kg.зонасы).

Сырткы трафик – чет өлкөлүк тармактын трафиги.

 

Туннелдөө (tunneling) жеке виртуалдык тармакта, Интернетте, Интранетте же Эксранетте бир абоненттен экинчи абонентке маалымат берүүнүн  коргоо ыкмасы. Тунелдөөдө маалыматтын алдына, уруксаты жок кирүүнү алдын-алчу жаңы баш ат жайгаштырылат.

 

Уникалдаштырылган ресурстун көрсөткүчү (Uniform Resource Locator, URL) –Интернет түйүнүнө кошулган компьютердеги конкреттүү документке же бөлүмгө кирүүнүн толук жолун көрсөткөн сырткы шилтемелердин калыбы, ошондой эле ага кирүү ыкмасы (алыс жайгашкан компьютердеги программалар – серверлер менен иштөө протоколдору). Компьютерде бир эле убакта ар кандай кирүү ыкмаларын (Uniform Resource Locator, URL) тейлөөчү бир нече программалык серверлер иштеши мүмкүн. Уникалдаштырылган ресурстун көрсөткүчү URL үч бөлүмдөн турат: кирүү протоколу, программа-сервердин бш аты жана документке кирүү жолу  (protocol://server.directory/filename). 


Хостинг (hosting) Интернетте файлдарды жайгаштыруу кызматы. Адатта өзүнө белгилүү диск мейкиндигин, бир нече почта даректерин, домендик ысымды колдоо жана (сырттан) сервердик скриптерди колдоо (программаларды), маалымат базасын башкаруу тутумдарын жана көп башка мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. 

 

ЧаВо (FAQ — Frequently Asked Questions) тез-тез берилчү суроолор. Тез-тез берилчү суроолордун тизмеси (жооптору менен).  


Экстранет (extranet)бул деле Интранет, бирок корпоративдик маалыматка кирүү жарым-жартылай сырткы өнөктөштөргө берилет. Бул алардын билдирмелеринин жүрүшү же складдагы өнүмдөр тууралуу маалымат.