- Негизги
- Компания жаңылыктары
Компания жаңылыктары
«Старт» тарифтик пландары туурасында
Урматтуу абоненттер!
Мурда маалымдагандай, “Старт” тарифтик пландарына кошулуу токтотулган жана 2015-жылдын 1-февралынан тарта “Старт” тарифтик пландары архивге кетет, б.а. «Старт 128», «Старт 256» и «Старт 192» тарифтик пландары толугу менен өз аракеттерин токтотот жана бардык Абонеттер үчүн жабылат.
Ошондуктан, “Старт” тарифтик планынын бардык пайдалануучуларына 1-февралга чейин жаңы тарифтик план тандап алуусун сунуш кылабыз.
Биз Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын пайдалануучуларына ADSL технологиясы боюнча «АВИАТОР» тарифтик сеткасынын жогорку ылдамдыктарына кошулууну сунуш кылабыз.
«Авиатор» тарифтик планына өткөндө, Сиз:
- Сырткы зонанын ресурстарына чыкканда жогорку ылдамдыкты (Одноклассники, Facebook, В контакте, Google, Youtube, Skype ж.б) – азыркыга караганда 4 эсе ылдамдыкты!
- Ички зонанын ресурстарына чексиз ылдамдыкты ( ts.kg - сериалдар , oc.kg – бестселлерлер ж.б.), жаңылыктар, кино, музыка – токтоосуз жана токтоп калуусуз!
- Арзыбаган баага накта сапатты аласыз !
2015-жылдын 1-февралына чейин өз алдынча башка тарифтик пландарга өтпөгөн Абоненттер, 2015-жылдын 1-февралынан тартып автоматтык түрдө төмөндөгүдөй тарифтерге которулат:
«Старт 128» «АВИАТОР» 512 кбит/с ылдамдыгына 576 сом абоненттик төлөмү менен
«Старт 256» «АВИАТОР» 512 кбит/с ылдамдыгына 576 сом абоненттик төлөмү менен
«Старт 192» «АВИАТОР» 256 кбит/с ылдамдыгына 622 сом абоненттик төлөмү менен
Жаңы Жылда жаңы ылдамдыкта жана KG зонасында чексиз ылдамдыкта!