Компания жаңылыктары

20 Августа 2013

“Кыргызтелеком” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы болуп Алмазбек Кадыркулов дайындалды.


“Кыргызтелеком” ААКнын Директорлор Кеңешинин 2013-жылдын 19-августтагы Чечиминин негизинде Башкармалыктын төрагасы кызматына Кадыркулов Алмазбек Апандиевич дайындалды.

Кечээ Кадыркулов А. Компаниянын коллективине тааныштырылды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Баратбаев Аскар Сарбозович “Кыргызтелеком” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы кызматынан өз каалоосу бошогон.

Маалымат ирээтинде:

Кадыркулов Алмазбек Апандиевич 1973-жылы 25-декабрда Бишкек шаарында туулган. Кыргыз. Билими – жогорку, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “финансист” адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы Кеңешчиси класстык чинине ээ. Эмгек жолун Ленин районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын II рангдагы инспектору кызматынан баштаган.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын референти, КРнын Каржы Министрлигинин алдындагы банктарды кайра уюштуруу жана реструктуризациялоо Агенттигинин директорунун орун басары, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы физкультура жана спорт мамлекеттик Агенттигинин статс-катчысы, КРнын илим жана билим министринин орун басары кызматтарын ээлеген.

Кыргызтелеком” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы ордун ээлегенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш Агенттигинин директорлук кызмат ордун ээлеген.

Пресс-служба ОАО «Кыргызтелеком»

Возврат к списку