Компания жаңылыктары

10 Июня 2013

“Кыргызтелеком” ААКСЫ “банкроттук тууралуу” күтүүлөрдү “актабады”!


“Кыргызтелеком” ААК: Компания кээ бир “эксперт-экономисттердин”, атап айтканда, “Прецендент” өнөктөштүк тайпасынын жетекчиси Н. Токтакунов жана коррупцияга каршы кызматтык Кеңештин эксперти И.Дробитьконун үстүбүздөгү жылдын июнь айында “Кыргызтелеком” ААКсы Кытай өнүгүү банкынын насыяларынын төлөй албагандыгына байланыштуу “банкроттукка” “учурайт” деген божомолдорун “актаган жок”.


Алардын күткөнүнө карабай, 2013-жылдын 5-июнунда “Кыргызтелеком” ААКсы Кытай Өнүгүү Банкына насыялык милдеттердин алкагында, 3 млн. 959 миң 714,74 АКШ долларды, анын ичинен 6,6 насыя боюнча – 667 миң 97,05 АКШ долларды (толугу менен төлөндү) жана 3,5 насыясы боюнча – 379 миң 694,02 АКШ долларды (жалпы сумманын жарымы) которуп берди.
Белгилеп кете турган жагдай, бардык төлөөлөр кошумча башка финансылык институттардын жардамысыз эле компания өз каражатынын эсебинен төлөндү.
Ошондой эле компания Каржы Министрлигинин алдындагы Мамлекеттик экономиканы Өнүктүрүү фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жана Корея Экспорттук-импорттук банкынан алынган Эл аралык насыяларды төлөө максатында ай сайын төлөөлөрдү жүргүзүп турат.


Возврат к списку