Жеке жактарга, кичи жана орто ишкердикке, ири компанияларга жана корпорацияларга

Заманбап дүйнөдө, ар бир адам, ар бир компания өзүнүн турмушун Интернет тармагысыз элестете албайт. Электрондук дарек, билдирүүлөр жана файлдар менен көз ирмемде алмашуу, IP-телефония, актуалдуу жаңылыктар, музыка, видео, тармактык күндөлүктөр – Интернет тармагынын бир аз гана мүмкүнчүлүктөрү.
internet.jpg
Эгерде Сиз жаңы жерге көчүп барсаңыз, же Интернетти кошууга үлгүрбөй калсаңыз, жаңы офис же филиал ачсаңыз, шаардын четинде үйүңүзгө же кампага Интернет керек болсо, же Интернет тармагынын кызматын жабдуучусу менен Сиздин ортоңордо кыйынчылык туулса, «Кыргызтелеком» ААКсы Интернет тармагына кошулуунун сыналган чечимдерин сунуштайт.

Интернет тармагына кошулуу үчүн бизге Сиздин сапаттуу жана ишенимдүү кызматтан пайдалануу каалооңуз гана жетиштүү, калганын Сиз үчүн өнөктөшүңүз жасайт. Оптималдуу ылдамдык, Интернетке кошулуу технологиясын жана тарифтик планды аныктооого жардам берет. Сизге болгону кошулуу ордун тандап жана, билдирүүнү толтуруп же көрсөтүлгөн номур боюнча телефон чалып коюу гана жетиштүү.