Автоматтык жеке сүйлөшүү пункттарын (ЖАСП) уюшуруу акысын берүүнүн принциптери.

1. ЖАСП уюштурууга арыз- Келишимге (Тиркеме №1);

2. Берилген арызга ылайык ошол райондогу электр байланышына болгон муктаждыгы каралат (көрсөтүлгөн аймакта «Кыргызтелеком» ААКнын сүйлөшүү пункттарынын болгондугу, таксофондук аппараттардын бардыгы);

3. Арызда көрсөтүлгөн дарек боюнча керектүү сандагы телефон орнотуу мүмкүнчүлүгүн карып чыгуу үчүн арыз ОФ шаардык телефон тармгына жиберилет;

4. Уюштуруучу тарабынан түзүлгөн бизнес-план талкууланат (телефон чубалгыларынын саны, жабдыктар, чыгашалардын баасы, анын ичинде ЖАСП нормалдуу иштешин камсыз кыла турган компьютерлерди, принтерлерди жана программалык камсыздоону сатып алуу);

5. ЖАСП ачууга байланышкан чыгашалардын бардыгын уюштуруучу өзүнө алат;

6. ЖАСПга арналган имарат, талапка жооп бериш керек (Тиркеме №2);

7. Жогорудагы суроолор макулдашылгандан кийин кийинки документтер дин негизинде келишимге кол коюлат: :

жеке ишкердин документинин же күбөлүгүнүн көчүмөсү, ИНН, же юридикалык жактын документтери, паспорттун көчүрмөсү, имараттын тиешелүүлүгү же ижара келишими;

8. Келишим түзүлгөндөн кийин, ЖАСП орнотулган телефондордон болгон сүйлөшүүлөрдүн тарфификацисы кайсы күндөн башталаары белгиленет;

9. Кызмат көрсөтүү «Кыргызтелеком» ААКнын тарифтери боюнча (ЖАСП көрсөтүлчү кызматтардын учурдагы тарфитик планы);

10. Электрбайланыш кызматынан түшкөн кирешени бөлүштүрүү: «Жеңилдетүү эсептөөнүн таблицасы» (Тиркеме №2);

11. Өз ара аракеттенүү маселелери Келишимдин шарттарында көрсөтүлгөн.