Дүйнө жүзү менен шаар жана эл аралык байланыш

– Рынокто ыңгайлуу эң жакшы баа менен эң жакшы сунуш кылуу үчүн өнөктөштөр жана жабдуучулар менен байланышта болуу, жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү үчүн дайыма жана бардык жерде кардарлар менен, дүйнөдөгү окуялар туурасында дайыма кабардар болуу, анткени мунун бардыгы ийгилиги Сиздин ишкердигиңизге дайыма тиешелүү болуп дүйнө жүзү менен байланышты калыптандырат.

Кыргызтелеком жан дили менен Сиздин өнөктөшүңүз болуп, шаар жана эл аралык сапаттуу байланышты камсыз кылат.  

Маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жогорку сапаттагы салттуу телефониядан колдонуңуз, же жөн эле, анткени Сиз сапатты баалайсыз, чуулдакты, жолтоону жана үзүлүп кетүүсүн каалабасаңыз керек.

Сиз алдын-ала заказ бербей эле Кыргызстандын же андан сырттагы абонент менен өзүңүз каалаган убакта байланыша аласыз. Шаар жана эл аралык телефон байланыш кызматынан Сиз автоматтык түрдө («0» саны аркылуу) же оператордун жардамы менен (заказдык телефон байланыш) пайдалана аласыз.

Автоматтык шаар жана эл аралык байланышынан колдонуунун тартиби:

Шаар аралык чалуулар үчүн:
Трубканы алып, «0» санын терип, шаардын кодун жана чакырылып жаткан абоненттин номурун териңиз

Эл аралык чалуулар үчүн:
Трубканы алып, «00» санын терип, өлкөнүн кодун, шаардын кодун жана чакырылып жаткан абоненттин номурун териңиз 
Эгерде 40 сек кийин кошулуу болбосо же номурду бурагандан кийин трубкада чоочун сигналдар пайда болсо, трубканы ордуна илип, терүүнү кайталаңыз.

Шаар жана эл аралык байланышка бөгөт коюу

Сиздин телефонуңуздан шаар жана эл аралык байланышка, автоматтык жана ошондой эле заказдык түрлөрүнө, Компаниянын Сервис-борборлоруна арыз жазуу менен тыюу салып кое аласыз.
Тыюу - ар бир номур үчүн негизги телефондон пайлангандыгы үчүн абоненттик төлөмдүн 100%.
Ачып коюу акысыз, абоненттин арызы боюнча. 
Телефон койгондо, келишимди кайра түзгөндө же телефонду өзгөрткөндө шаар жана эл аралык байланышка автоматтык жана заказдык түрдө чыгуусу абоненттин арызы боюнча бекер берилет.

Майрам күндөрү «Кыргызтелеком» компаниясынын шаар жана эл аралык байланышынын жардамы менен телефон чалып чет өлкөдөгү өнөктөшүңүздөрдү, досторуңарды жана туугандарыңызды куттуктаңыз!