Frame Relay (кадрдык ретрансляция) - минималдуу чыгымдар менен байланыш сызыгы өткөрүү тилкесин максималдуу эффективдүү, бөлүштүрүп колдонуунуга мүмкүндүк берген пакеттерди коммутациялоо санарип тармак боюнча берилиштерд берүү методу.  Frame Relay (FR) технологиясы алыстатылган локалдык компьютердик тармактардын иш аракетин камсыз кылуу үчүн жаралган. 

 Frame Relay тармагынын негизги мүнөзү болуп анын архитектурасы менен шартталган жабык мүнөзү саналат. Frame Relay тармагы эки чекит байланышын уюуштуруу жолу менен жалпы колдонуучу тармак ичинде жеке колдонуу байланышын камсыз кылат, анын жыйынтыгы болуп санкцияланбаган кошулуу үчүн жабык мындай айтылган виртуалдык жеке тармактар пайда болот. 

Frame Relay тармагы колдонуучусуна гарантталган тейлөө сапаты CIR (Committed Information Rate - гарантталган берүү ылдамдыгы) параметри боюнча аныкталат. Frame Relay тармагы колдонуучусу порт боюнча өтүүчү ар бир виртуалдык канал үчүн гарантталган берилиштерди берүү ылдамдыгы жана порттун тармакка кошулуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн төлөйт жана тандайт.

ОАО «Кыргызтелеком» тармагынын  Frame Relay кызматы жогорку ылдамдыкта жана гарантталган тейлөө кызматы менен локалдык тармактарды бири бири менен арзан жана ишенимдүү берилиштерди берүүнү тандаган колдонуучулар үчүн.  

Frame Relay тармагына колдонуучуларды кошуу бөлүнүп ьерилген сызыктар боюнча  64 Кбит/с дан 2 Мбит/с га чейин жүргүзүлөт. Бир бөлүнүп берилген сызык боюнча тармактын башка колдонуучулар менен байланышууга бир нече виртуалдык байланыш түзүлө алат, мисалы борбор офисинин филиалдар менен байланышы үчүн.  Ар бир виртуалдык байланыш үчүн өзүнүн гарантталган ылдамдыгы белгилениши мүмкүн.