- Негизги
- Бизнес үчүн
- Доступ в Интернет
- ADSL доступ в Интернет
ADSL доступ в Интернет
Эскертүү
1. Кирүү ылдамдыгы жогорулаган учурда кошулуу үчүн төлөмдөрдүн айырмасы кошумча төлөнөт.
2. Трафикти эске алуу менен абоненттик төлөмдү алган учурда:
2.1. Эсептешүүдө абоненттин кириш же чыгыш трафиги жогорку өлчөм менен эсептелинет. Ушуну менен бирге трафик сырткы, ички жана оператордун трафиктерине бөлүнөт.
2.2. Ички трафик – бул ижараланган тармактык ресурстар кошулбаган маршрут боюнча өтүүчү маалымат агыны (республиканын Интернет-провайдерлеринин ортосунда трафик алмашуу). Оператордун трафиги – бул оператордун тармагынын ички трафиги (трафиктин бул түрү абонентке бекер берилет). Калган трафик сырткы болуп эсептелет.
2.3. Трафик үчүн эсептешүү 1 Мбайтка чейинки тактык менен жүргүзүлөт. Мбайттын толук эмес бөлүгү толукка чейин тегеректеленет. – ошону менен бирге, эгерде толук эмес Мбайттын өлчөмү – 500 кбайттан аз болсо, тегеректеген учурда бул бөлүгү алынып салынат, ал эми эгерде толук эмес Мбайттын өлчөмү 500 кбайтка барабар же көп болсо – толук Мбайтка чейин тегеректеленет.
2.4. Эң аз сырткы трафик үчүн төлөм (ички) кийинкиче эсептелинет:
2.4.1.Эсептелчү ай аяктагандан кийин кайсы бөлүгү (кириш же чыгыш) сырткы (ички) трафик көп экендиги аныкталат;
2.4.2.Эгерде сырткы (ички) трафиктин бөлүгүнүн эң азынан аз болсо, анда колдонулбай калган трафиктин көлөмү кийинки айга өтпөйт;
2.4.3.Эгерде сырткы (ички) трафиктин чоң бөлүгү эң азынан ашып кетсе, анда эң азынан ашкан ар бир Гбайт трафиктин төлөө өлчөмү 3.2. позицияда көрсөтүлгөн боюнча аныкталат;
2.4.4.Сырткы (ички) трафиктин жалпы көлөмүнүн чоң бөлүгүнөн абонементтик төлөмдүн баасына кирген трафиктин көлөмү алынып салынат;
2.4.5.Келип чыккан айырма 3.2 позицияда көрсөтүлгөн тарифтерге ылайык 1 Гбайттын баасына көбөйтүлөт.
2.5. Эсептелчү ай календарлык айга барабар.
3. Интернет кызматтарынын пакети өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
3.1. Кардарлардын DNS зоналарын жайгаштыруу (түз жана кыйыр);
3.2. RIPE эрежелерине жана тарифтерине ылайык талап кылынган IP даректердин санын берүү;
3.3. KTNET.KG иерархиясында үчүнчү баскычтагы доменди каттоо
4. Жогорудагы көрсөтүлгөн кызматтардын баасына ШТТ кызматтарынын төлөмдөрү кирбейт, алардын төлөмдөрү бекитилген тариф боюнча кошумча алынат.
5. Кардарга бир нече портко кирүү мүмкүнчүлүгү берилгенде, ар бири өзүнчө төлөнөт.
6. Интернет кызматын өчүргөндө, жабдуучуну алмашканда берилген IP даректерди жана жайгашылган DNS зоналарын колдонуу акысынан ажыратылат.