Республикада телекоммуникациянын өнүгүшү ХIХ кылымдан башталат… 

1873 Верный шаарындагы Түркестан телеграфтык бөлүмүнө тиешелүү, Пишпек шаарында, Кыргызстанда биринчи телеграфтык станция иштей баштаган. Ал кездеги бардык почта жана телеграф мекемелери Россиянын Ички иштер министрлигинин ведомстволоруна кире турган. Телеграф байланышы негизинен мамлекеттик максатта гана пайланылчу. 

1878 Токмок шаарынын ыңгайсыз географиялык абалда болгондугуна байланыштуу (Чимкент-Верный негизги жолдон алыстыгы) жана жагдайсыз аба-ырайына байланыштуу (Токмок шаары сазда жайгашкан), уезддин борбору Пишпекке көчүрүлүп, ошол мезгилден баштап уезддик шаар болуп калган. 29 апрелде 1878 жылы 1878 Семиречье облусунун почта бөлүмүнүн башкаруучусу аскер губернаторунун буйруусунун негизинде Токмок почта конторасын көчүрүүгө буйрук берип, 1878-жылы 13-майында көчүрүлгөн. Почта конторасы Ташкент (Жибек-Жолу) көчөсүнүн түндүк жагында, Базарный жана Пушкин (Абдрахманова жана Эркиндик саябаны) №385-үйдө жайгашкан (ИИМдин Биринчи Май бөлүмү). Пишпек шаарынын почта-телеграф конторасынын экинчи имараты (1885-жылдан бери телеграфтык станциялар почта конторасы менен кошулгандан кийин ушундай деп аталып калган) Пушкин жана Биринчи Май көчөлөрнүн кесилишинде жайгашкан.  
  
telephone.JPG
Ал кезде Кыргызстандын аймагы бөлүнгөн жана Туркестандын 4 облусуна: Семиречье, Сырдарья, Фергана жана Самаркан облустарына кирген. Кыргызстандын түндүк аймагында Пишпек, Нарын жана Каракол почта станциялары болгон. Кыргызстан падышалык Россиянын чети болгон жана ошондуктан почта жана телеграф мекемелер тармагы жай өскөн, жаңы байланыш бөлүмдөрү араңдан зорго ачыла баштаган. Чоң кедерги болуп имараттын жоктугу болгон. Жаңы бөлүмдөрдү ачуу үчүн жеке адамдардын үйлөрү жалданган.   

1883 1883 Облуста 11 телеграфтык станцияда 46 чин иштөөчү.  

1885 1885 Ош шаарында телеграфтык байланыш ачылган.  

1890 Үржар станциясынан Бахтыга чейин 100 чакырым, 1303 тирөөч аркылуу жаңы телеграфтык линия курулган. Ошондуктан Бахтыдагы мурункку IV класстагы почта конторасы VI класстагы почта-телеграф станциясы болуп кайра түзүлүп, ошентип отчеттук жылда облуста 19 почта-телеграф мекемеси болгон. Алардын ичинде 8 (сегиз): Верненское (III кл.), Жаркентская жана Кулжинская (V кл.), Копальская, Пишпекская, Сергиопольская, Царицынская жана Бахтинская (VI кл.) почта-телеграф конторалары, 6 (алты): Борохудзирское, Илийское, Лепсинское, Мало-Аягузское, Отарское жана Урджарское почта-телеграф бөлүмдөрү болгон. Облуста 3 телеграф чубалгысы, 22 аппарат, 983 элемент болгон.  

1892 Отчет жылында 19 почта-телеграф мекемелери, анын ичинен 8 почта-телеграф конторасы: Верненская, Джаркентская, Кульджинская, Бахтинская, Копальская, Пишпекская, Сергиопольская, Царицынская болгон.  
. 5 почта-телеграф бөлүмү: Лепсинское, Мало-Аягузское, Урджарское, Отарское, Илийское. 
2 почта конторасы: Лепсинская (гор.), Пржевальская.  
4 почта-телеграф бөлүмү: Борохудзирское, Нарынское, Саркандское и Токмакское.  
22 аппарат, 933 элемент.  

1900 Токмок-Прежевальск телеграф байланышы уюштурулган.

1905  Гүлчөдө телеграф конторасы уюштурулган.  

1911 Пишпек шаарында 5 Морзе аппараты болгон. Верный, Прежевальск, Жамбыл, Беловодск, Токмак шаарлары менен байланыш түзүлгөн.  

1912 Нарын шаарында телеграф байланышы түзүлгөн.  

1915  Пишпек-Ташкент багыты боюнча Юза аппараты аркылйй, Верный шаарына кирбестен, кезектеп иштөө орнотулган; Морзе аппараттары жаңы Клопфер аппараттары менен алмашылган; Гүлчө-Иркештам телефондук байланышы түзүлдү. 
. Пишпекте Октябрь Социалисттик Революциясына чейин 13 абоненти бар 20 номурлуу телефон станциясы болгон. 19- кылымдын аягында Семиреченский облусунда уюшулган почта-телеграф мекемелеринин саны1882-жылдан 1917-жылга чейин дээрлик өзгөргөн эмес.
. Кыргызстандагы байланыштын андан-ары өнүгүүсү революциядан кийин болгон. 
. Республикада байланыш тармагы жай өнүккөн. . 1921-жылдын апрелине Пишпек конторасында болгону (1885-жылдагыдай эле) 19 почта конторасы жана бөлүмдөрү болгон.  
Республикадагы байланыш тармагынын кийинки мезгилдеги тез өсүүсү 1926-жылдан 1940-жылдарга тура келет, байланыш тармагын өнүктүрүүгө 20 млн. рубль бөлүнгөн, байланыш ишканаларынын саны 27 эсе өскөн.Телефон-телеграф чубалгыларынын узундугу 3353 км түзгөн. Эгерде 1924-жылы 40 номурлуу 2 телефон станциясы ишке берилген болсо, 1934-жылы алардын саны 19га жеткен. 
Республикада телефон-телеграф байланышын уюштуруу боюнча алгачкы кадамдар Фрунзе, Ош, Прежевальск, Рыбачье, Джалал-Абад, Нарын шаарларындагы чакан телефон станцияларынын пайда болушу 30-жылдары башталган.  
Байланыштын өнүгүү тарыхында радиорелейдик линиялар жана телекөрсөтүү өзгөчө орунду ээлейт. Горный рельеф республики определил приоритеты развития радиорелейных линий связи. Республикабыздын тоолуу шарты радиорелейдик байланыш линияларынын өнүгүү өзгөчөлүгүн аныктады. Түзүлгөн радиорелейдик байланыш тармагы бүткүл республикада жана анын чегинен сырткары эл аралык жана шаар аралык телефон каналдарын түзүүнүн уңгусу гана болбостон, ал телепрограммаларды өлкөбүздүн бардык булуң-бурчуна жеткирүүгө мүмкүндүк түздү.  

1934 Кыска толкундагы радио станция курулуп жана Ташкент шаары менен, андан кийин Ош, Пржевальск, Жалал-Абад жана Нарын шаарлары менен телефон байланышы түзүлгөн.  

1936  Почта-телеграф конторасынан телеграф, телефон бөлүнүп чыгарылып, телеграф-телефон станциялары уюшулат.  

1938 Москва шаары менен телеграф байланышы ишке кирген. Алгачкы шаардык байланыш бөлүмдөрү ачылган.  

1941 Улуу Ата-Мекендик согуш башталып, байланыш тармагын өнүгүүсү, ал аяктаганга чейин токтотулат. Тармакты өнүктүрүү Улуу Ата-Мекендик согуштан кийин башталган.  
Союзда биздин республика согуштан кийинки алгачкы жылдарда ультра кыска толкундагы радиобайланыштын жаңы түрүн өздөштүрүү боюнча жолбашчы болуп, кийин радиостанциялар чынжырча иштөө принцибин колдонгон радиорелейдик байланыш аталып калган. Башында радиорелейдик байланыш бир нече телефондук каналдарды уюштурууга колдонсо, 50-жылдардын ортосунда бир эле убакта 120 телефондук каналды же түзсүз телекөрсөтүүнү берүүнү камсыз кылган биринчи радиорелейдик тутумдар жаратылган.  

1946 Ананьев К.Н. башында турган энтузиаст-байланышчылар тайпасы Кыргыз жана Фергана кырка тоолорундагы аралык пункттары менен, Полтавка айылы (Чүй өрөөнү) – Жалал-Абад шаары трассасында түз радиобайланышты уюштуруу мүмкүнчүлүгү далилденген.  
Биринчи радиорелейдик линияларды куруу жана ишке киргизүү Республикалык радиоборбор тарабынан жасалган, кийинчерээк 1958-ж. Кыргыз Республикасынын байланыш министрлигинин радиорелейдик магистралдар жана телекөрсөтүү башкармалыгы болуп түзүлгөн.  
50-жылдары телеграф байланышын автоматташтыруу башталган.  

1954 Фрунзе шаарында республикада биринчи болуп чакан сыйымдуулуктагы автоматтык телефон станциясы ишке киргизилген. Станциянын ишке кириши менен республикада электр байланыш каражаттарынын интенсивдүү өнүгүшү башталган 

1955  Кыргыз Республикасынын байланыш министрлиги уюшулган.  

1958 Фрунзе жана Москва шаарларынын ортосунда түз радиотелеграфтык байланыш түзүлгөн.  

1959-1963 жж Фрунзе-Пржевальск, Фрунзе-Нарын, Фрунзе-Талас багыттары боюнча ички республикалык багыттар ишке берилген.  
Ташкент-Фрунзе-Алма-Ата РРЛ Фрунзе жана Алма-Ата шаарларына көрсөтүү үчүн Ташкенттен алгачкы жолу телепрограмманы алып көрсөтүүгө мүмкүндүк түздү, ал кезде аталган шаарларда республикалык телеборборлор курулуп бүтүп калган.  
Республикада РРЛ өнүктүрүүнүн бардык этаптарында, шаар аралык байланыш менен камсыз кылуу маселелери менен катар телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жаатындагы маселелер чечилди. 70-жылдардын башында республикада шаар аралык байланыштын негизги багыттары, анын ичинде Орто Азия республикалар арасында телепрограммаларды алмашуу үчүн, РРЛ тармагы уюштурулуп бүтүп калды.  
  
1964 Фрунзе шаарында СССРде 2-чи (1-чиси Москвада) автоматтык шаар аралык телефон станциясы курулуп, абоненттер телефонисткалардын жардамысыз эле башка шаарлар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Мындай кошулууларды өлкө жана республика ичиндеги 47 ири шаарлар менен, анын ичинде Москва, Ленинград, Рига, Ташкент, Алма-Ата ж.б. менен алууга болот эле. 

1968 Фрунзеде түзсүз программаларды кабыл алуучу «Орбита» спутникалык телесистемасы ишке киргизилди.  

1970 Өз алдынча ишканалар уюшулду: Фрунзе телеграфы, Республикалык шаар аралык телефон станциясы жана Фрунзе шаар телефон тармагы, аталган ишканалардын жамааттары республикада электр байланышын өнүктүрүүгө чоң салым кошушкан. . Шаар аралык телефон станциясын көп жылдар бою Гусева А.А. жетектеп келген, Фрунзе телеграфын Ризин Л.Л., андан кийин Есеналиев О.Е., Фрунзе шаар телефон тармагын Акименко С.Н. жетектеп келишкен. 

1974«Орбита» станциясы түстүү телекөрсөтүүнү кабыл алуу үчүн кайрадан курулду.  

1978 Москва шаарынан борбордук гезиттерди кабыл алуучу «Газета-2» комплекси ишке киргизилген.  
Андан ары шаар жана айыл телефон тармактары өнүгүүгө жол алды.  
Телефон тармагынын сыйымдуулугу 1980-жылдардын аягында 144 000 номур, анын ичинде Фрунзе шаары – 70 000 номурду түзгөн. Фрунзе шаардык телефон тармагы 6 сандуу номурга өткөрүлдү.  
Республикада оперативдүү документалдык байланыштын ыңгайлуу түрү болгон – абоненттик телеграф кенен өнүгө баштады. Кыргызстандын телеграфисттери телеграммаларды иштеттүү үчүн факсимилдик техниканы (фототелеграфия) ишке киргизүүнүн демилгечилери болуп калды. 

1987 «Орбита» станциясы аркылуу 60 каналдуу тутумдун негизинде Фрунзе-Москва багытында спутник аркылуу шаар аралык байланыш өз ишин баштады.  

1993 Кыргыз Республикасынын эгемендик алышы менен телекоммуникация инфраструктурасын андан-ары өнүктүрүү үчүн 1993-ж. «Кыргызтелеком» мамлекеттик электр байланыш ишканасы уюшулган.  

1993 Биринчи Телекоммуникациялык Долбоордун башталышы. Бул долбоор Дүйнөлүк жана Европалык кайра куруу жана өнүгүү Банктары тарабынан каржыланып, мунун натыйжасында республикада санариптик телекоммуникация тармагын андан ары өнүктүрүү үчүн заманбап негиз боло турган структура түзүлгөн. Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармагын түп тамырынан бери жаңылоо болгон.

1997  «Кыргызтелеком» мамлекеттик электр байланыш ишканасы толук кандуу башкаруу түзүмү менен акционердик коом болуп кайрадан түзүлөт.

1997 Долбоордон башка, «КТ» ААКсы, Транс-Азия-Европа (ТАЕ) жипче-оптикалык байланыш линиясынын долбоорун ишке ашырууну көздөгөн. Долбоордун негизине оптика-жипче чубалгыларынын жардамы менен Азия жана Европа өлкөлөрү аркылуу өтө турган күчтүү заманбап байланыш чубалгысын куруу болгон. Батыштан чыгышка, Франкфурт-на –Майнеден (Германия) Шанхайга (Кытай) чейин курулган бул чубалгы, глобалдуу масштабда маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет. ТАЕ курууга катышкан 24 мамлекет, санариптик каналдардын күчтүү түйүнү аркылуу байланышат. «Жибек Жолу» аркылуу Кыргыз республикасы дүйнө жүзү менен маалымат алмашууга чыныгы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Андан кийин республика ичинде жаңылоонун экинчи этабы, Чүй облусун жана түштүк аймактарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүүчү ТАЕ курулушун бүткөрүү жана ишке киргизүү иштери башталды. 

1998  Биринчи Телекоммуникациялык Долбоор аяктады. Долбоор алкагында жерде жайгашкан А стандартындагы спутниктик станция (контракт COMSAT RSI, АКШ америкалык фирмасы менен түзүлдү), SDH түзүмүндө санариптик магистралдык радиорелейдик станциялар (NERA ASA, Норвегия), санариптик кошуучу станциялар (ERICSSON, Швеция), SDH түзүмүндө оптика-жипче (ВОЛС) байланыш чубалгылары жана кабелдик түзүлүштөр (HT CABLE, Израиль) камтылган санариптик телекоммуникациялык тармак түзүлгөн.  
Жерде жайгашкан А стандартындагы спутниктик станция (параболдук антенна) сегиз өлкө менен: Япония, Кытай, Индия, Иран, Израиль, Германия, Англия өлкөлөрү менен жана Европа өлкөлөрүнүн тайпасы менен түздөн-түз байланышты камсыздайт. 16 радиорелейдик станцияны камтыган, шакекке курчалган SDH-түзүмүндөгү санариптик радиорелейдик магистралы жаратылды. Бишкектеги жана облустук борборлордогу (Ош, Джалал-Абад, Нарын, Талас, Каракол и Чолпон-Ата) аналогдук станциялардын сыйымдуулугун арттыруу үчүн жалпы сыйымдуулугу 50 миң санариптик телефон чубалгысын түзгөн ERICSSON фирмасынын AXE-10 станциясы ишке берилди. Азыркы учурда Бишкекте 3120 каналга эл аралык жана шаар аралык транзиттик станция (Gateway) жана 28 миң абоненттик чубалгыга эсептелген станциялар курулуп эксплуатацияга берилген. Калган 22 миң абоненттик чубалгы аймактарга бөлүнгөн. Бишкекте бардык санариптик станцияларды бириктире турган узундугу 45 км болгон оптика-жипче кабель шакекке бириктирилген. Маалымат берүү ылдамдыгы 622 Мбит/с (STM-4 деңгээли, толкундун узундугу 1,3 мкм). 

1998 «Кыргызтелеком» облустук борборлорду бириктире турган маалыматты пакеттеп берүү Frame Relay кызматын ишке киргизди. Бул ири жана орто ишкана-мекемелерге копоративдик тармакты түзүүгө мүмкүндүк берди.  

1998 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамды кабыл алды. Анын максаты – байланыш жаатында мамлекеттин саясатын жүргүзүү жана Кыргыз Республикасында телекоммуникацияны андан ары өнүктүрүү, атаандаштыкты өрчүтүү үчүн жагымдуу чөйрө жаратуу жана байланыш тармагына инвестиция тартуу, ошондой эле байланыш операторлорунун жумушун тескөө. 1998-жылдын июнунда өлкөнүн Өкмөтү тарабынан Өкмөттүн токтому жана Жогорку Кеңеш бекиткен «Кыргызтелеком» ААКсын кайрадан уюштуруу, мамлекеттен бөлүү жана менчиктештирүү концепциясы» кабыл алынган. 

1999 ТАЕ долбоорун ишке ашыруу, Корея Республикасынын Экономиканы өнүктүрүү фонду жана кооперациясы тарабынан каржыланган, Чүй облусунун телекоммуникация түзүмүн жаңылоо Долбоору менен тыгыз байланышта болгон. Корей долбоору, ТАЕ ВОЛС байланыш чубалгысы өткөн элдүү пункттардагы байланышты жаңылоону көздөгөн. Бишкек – Кант – Ивановка – Токмок - Кемин шаарларында оптика-жипче чубалгысынын курулушу, ТАЕ менен бирге республиканын түндүгүн жогорку сыйымдуулуктагы транспорт тармагын камсыз кылмакчы. Тармак облустун 80 элдүү пункттарын камтыйт. Тармакка кирүү үчүн, оптикалык тутумдан сырткары, кээ бир кыйынчылык туудурган жерлерде, радиорелейдик тутумдар пайдаланылды. 
Өлкөбүз байланышты уюштуруунун эл аралык принциптерине өттү, номурлаштыруунун жаңы перспективдүү планы ишке ашырылды.  

1999 Араб экономикасынын өнүгүү Кувейт фонду тарабынан каржыланган Ош шаарын, Ош жана Баткен облустарынын телекоммуникация тармагын ишке ашыруу боюнча долбоор башталган. Долбоор Ош шаарынын 3000-жылдыгына арналган. Анын максаты аймактын телекоммуникация базасын жаңылоо болгон. Ош шаарында кошуу станциясынын сыйымдуулугу 30 миң номурга жеткен.

2000 Ош шаарынын, Ош жана Баткен облустарынын телекоммуникация тармагын жаңылоо боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашты. Ошентип, аталган долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашышы, Кыргыз Республикасы үчүн чоң социалдык-экономикалык жана саясый маани жана өлкөнүн дүйнөлүк маалымат мейкиндигине интеграцияланышына чыныгы мүмкүнчүлүк берди.  
Азыркы тапта КТ ААК тармагындагы эл аралык каналдардын саны дүйнөдө экономикасы өнүккөн элкөлөрдүн деңгээлине жана Кыргыз Республикасынын улам өсүп жаткан суроо талабына шайкеш келет. Бул жааттагы проблема жакынкы 10-15 жылга чечилген. Телекоммуникация инфраструктурасынын аякташы республиканын транспорт тармагын 90% санариптештирүүгө жана кошулуу тармагын 25%га санариптештирүүгө алып келди. Биринчи жана экинчи телекоммуникациялык долбоорлорду активдүү жүзөгө ашыруучулар Тагаев А.Т., Кайыков О.Ж., Мамбеталиев М.М., Балбаков Б.Ш., Оконов М.О. ж. б. болгон. 
  
2001 «Кыргызтелеком» компаниясы Интернет-провайдер макамын алды. Бул дүйнөлүк тармакка жеке пайдалануучулар менен катар, байланыш операторлоруна кирүү мүмкүнчүлүгүн берди. 

2002 HUAWEI (Кытай) компаниясы менен Интеллектуалдык байланыш жана ADSL кенен тилке тутумдарын жабдууга контракт түзүлгөн. Долбоор алкагында Бишкек, Ош, Джалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарларында Интеллектуалдык тармак жабдуусу орнотулуп, Бишкек шаарында ADSL кенен тилке тутуму орнотулду.  Азыркы кезде бардык жабдуулар тармакка кошулуп иштеп жатат.
Интеллектуалдык тармактын «бекер коңгуроо» (0 800), «алдын-ала төлөнгөн карточка менен чалуу» (0 805), «кошумча төлөмү бар чалуу» (0 809), «теледобуш» (0 803) сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт.  

2003-жылдын өзгөчөлүгү тармактын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, абоненттерди сапаттуу тейлөө, тармакты Кыргыз Республикасынын планына жана керектөөсүнө жараша өнүктүрүү. Техникалык база пландуу түрдө жаңыланган, жаңы объекттер ишке берилген, жаңы санариптик чубалгылар ишке киргизилгенден тарта жаңы кызматтар зонасы кеңейе баштады. Жергиликтүү телефон тармагындагы негизги телефондордун таза өсүүсү 2003-жылы 4 818 номурду түзгөн, анын ичинен санариптиги – 27 515 номур болгон. Монтаждалган жалпы сыйымдуулугу 502 634 номурду түзгөн, анын ичинен 184 127 санариптик номурлар. Компаниянын Бишкек шаарында Интернетке кошулуп кирүү кызматын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. «Кыргызтелеком» – абоненттерге алдын-ала келишим түзбөй эле жана абоненттик төлөмдү алдын-ала төлөтпөй эле айдын аягында төлөнө турган дүйнөлүк тармактын ресурстарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бере турган «Насыяга Интернет» жаңы кызматын ишке киргизди. Алдын-ала төлөө картасы «Кыргызстандагы жыл тандоо» конкурсундага «№1 телефон картасы» номинациясынын жеңүүчүсү болду. 2003-жылдын март айында Бишкек шаардык телефон тармагын жаңылоо жана моралдык жактан эскирген аналогдук станцияларды алмаштыруу максатында, Бишкек шаарынын номурлук сыйымдуулугу 20 040 номурга кеңейтилген. . Көрсөтүлгөн кзыматтардын сапатын жакшыртуу максатында, санариптик кошуучу станцияларды жабдуучу - бир катар фирмалар менен келишимдер түзүлгөн.

2005 ж.  өлкөнүн бардык аймактарында аналогдук станцияларды жаңы заманбап кошуучу станцияларга алмашуу иштери жүргүзүлдү. Монтаждалган станциялардын жалпы сыйымдуулугу 512 998 номурду түзүп, санариптештирүү деңгээли 40,6%га жетти. Абоненттердин саны 420 миңге жетти. Бул жылы 170 678 абонент жаңы заманбап кошуучу санариптик тутумдарга кошулду. «Кыргызтелеком» ААКсы рыноктогу ордун бекемдеш үчүн, көрсөтүлгөн кызматтардын пакетин кеңейтип, активдүү маркетинг, жаңы прогрессивдүү технологияларды ишке киргизип, максатка багытталган саясат жүргүзөт. Стратегиялык багыты болуп Бишкек шаарынын, ошондой эле республиканын абоненттерине ADSL технологиясы боюнча Интернетке кенен тилке аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү болуп калды. Мындай технологияны колдонуу жалаң гана телефон тармагынын жүктөлүшүн азайтуу эмес, жаңы кызматтардын түрүн көрсөтүүгө жол ачат.
2005-жылы «Кыргызтелеком» ААКнын 2010-жылга чейин өнүгүү Стратегиясы иштелип чыккан жана бекитилген.
Ишке ашкан Долбоорлор:
• . Санариптик тармакты бир калыпта синхронизациялоочу тутумдун жаңылоо долбоору.
• Жалалабат облусунун Жалалабат шаарынын жана Ноокен районунун телекоммуникация тармагын жаңылоо Долбоору.
• Ысык-Көл облусунун курорттук аймагын жаңылоо жана өнүктүрүү Долбоору.
• БШТТ жаңылоо жана өнүктүрүү Долбоору.
• Спутниктик телекөрсөтүү Долбоору.


2006 ж. өлкө аймагында аналогдук станцияларды жаңы заманбап тутумдарга алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Станциялардын жалпы монтаждалган сыйымдуулугу 530 900 номурга жетип, санариптештирүү деңгээли 46%ды түздү. Число абонентов достигло 434 тысяч. Абоненттердин саны 434 миңге жетти. Акыркы муундагы телекоммуникациялык кызматтарды Кыргызстандын бардык жашоочуларына жеткиликтүү кыла турган жалпы улуттук долбоорлор ишке берилип, ийгиликтүү ишке ашырылды. Алардын ичинен – Ысык-Көл курорттук зонасын өнүктүрүү долбоору. Аталган долбоор алкагында узундугу 44350  44350 метрге барабар Тамчы-Балыкчы багытында оптика-жипче кабелин куруу, байланыштын сапатын түп тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүсү кыйын байланышы жок айылдарды телефондоштуруу долбоору жөнүндө сөз кылалык. Huawei Technologies компаниясы менен түзүлгөн пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча Баткен облусунда CDMA-450 стандартындагы жабдыкты орнотуу иштери 2007 жылдын 1-январына аткарылып бүткөн. Эми эң алыскы айылдарда телефон байланышы пайда болду. Бирок, эң маанилүү долбоор болуп, «Кыргызтелеком» ААКнын бардык абоненттерине заманбап телекоммуникациялык кызматтарды жана жогору технологиялык байланышка мүмкүндүк берген, «Санариптик келечек» долбоору эсептелет.


2007 Бишкек шаарынын жогорку аймагын жаңылоо боюнча долбоор ишке ашырылып, бардык аналогдук станциялар жана моралдык жактан эскирген санариптик АТСтер сапаттуу байланыш кызматтарынын кеңири спектрин көрсөтүүгө мүмкүндук бере турган жаңы заманбап жабдыктарга алмашылды. Мурда башталган бир топ долбооролор аяктады.


2008 ж. Иштеп жаткан ички зоналык радиорелейдик магистралдар жаңыланып, жаңы магистралдар ишке берилди. Пакеттик кошуу негизде маалымат жана үн берүү тутумдарын куруу. Жаңы транс-улуттук оптика-жипче магистралын куруу. . Ишкердик процессти түп тамырынан бери карап чыгуу, долбоорлоону радикалдуу түрдө өзгөртүү жана CRM тутумун ишке киргизүү. Ички аймактык байланыш чубалгыларын санариптештирүү долбоорунун алкагында иштеп турган санариптик жана аналогдук радиорелейдик чубалгыларды жаңылоо, Кыргыз Республикасынын ар бир райондук борборлорго жаңы санариптик агынды жеткирүү уюштурулган. Санариптик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу долбоорунда 2008-жылы Кыргызстандын алыскы айылдарында 86 автоматтык телеретрансляторлор жана 182 Жердин жасалма спутнигинен белги ала турган радиоуктуруу ретрансляторлору орнотулган. Муну менен, Кыргыз Республикасынын бардык жашоочуларын камтуу менен FM-толкунунда УТРК телекөрсөтүүсү жана республикалык радионун биринчи программасын уктуруу камсыз болгон. Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп Баткен облусунун жашоочуларын көп программаларды уктурууну камсыз кылчу санариптик телекөрсөтүү долбоору ишке ашырылды.


2009 ж. Кыргызтелеком республикада биринчи болуп бардыгына жеткиликтүү чексиз тарифтик планын киргизди, ал эми 2010 жылы калктын кеңири катмарына Кыргызстандын Интернет-рыногунун тарыхында эң төмөн баада чексиз Интернет алууга мүмкүнчүлүк түзүп, башка провайдерлерди бааны төмөндөтүүгө аргасыз кылды. Мындан сырткары Бишкек шаарынын абоненттери үчүн трафикти эске алуучу тарифтик пландын сырткы Интернет-трафигинин баасы 2 эсе арзандатылган. Компаниянын бул кадамдары – Кыргызстанда Интернет- колдонуучулардын саны кескин көбөйүп, өлкөбүзгө көрүнүктүү натыйжа берди.